аштык
- Айдалган дан эгиндери жана анын даны, түшүмү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эркин жатып канча жыл, / Самаркан, Ташкен, Наманген, / Алты шаар, Анжыдан, / Испандан башка эл, / Аштык сатып киши албай, / Чирип жатат короодо, / Көмбөй таштап ороого, / Кысылып калар жери жок, / Бир сапаркы конокко, / Куйруктары жарылып, / Козу жатат кобо албай…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ойноп жүрүп ай толду, / Аштык айдар чак болду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алтымыш уруу алашты, / Аштык айдап силерге, / Дан жеткирген Коконду, / Бүт жоготом ошондо!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Мындан мурун көп жүрдүк, / Дабан аштык, суу кечтик, / Суу ордуна кан ичтик.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
"Мен алтымыштан, кемпирим элүү жаштан аштык.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →