ашта
- Бир нерсени экинчи нерсеге эп келтирип кийиштир, бириктир (мис. кетмендин, балтанын сабын).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кайраттуу Асыл кабылан, / Манастап ураан чакырып, / Найзага темир аштаган, / Кыйкырып келген манжууну, / Жалпайта сайып таштаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Көрпөчөнүн бүгүштө, / Бүктөлүү болчу мына бу, / Тартып алды желекти, / Таанымал элге керекти, / Найзага темир аштады, / Айчыгы алтын чоң тууну, / Ашкере сайып таштады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Муну мындай таштайлы, / Ашта болгон шан-шөөкөт, / Ошолордон баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чыдай албай Жаманбай, / Кубулкеге аштады, / Ойрон болгон Кубулке, / Бар тамыры сыздады, / Шейшеби канга чыкталды, / Мына ушинтип алардын, / Бүтүп калды бар иши, / Каадасы ошол катындын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Гүлчоро сурап калганда, / Анда Чүрөк кеп айтат, / Кеп айтканда муну айтат: / “Силер атка мингилө, / Асаба аштап туу сайып, / Басташып жоого тийгени, / Он сегиз күнгө нак толду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →