ашпоз

китептерде 17 жолу, 4 китепте
  1. Тамак-аш бышыруучу, ашпозчу; ашмачы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сакадай менен Сары айар, / Кеңеш кыла калышты, / Жай алып жатты келгендер, / Жакшылап кабар алышты, / Сакадай кийди испанча, / Сары айар кийди калмакча, / Ашпоз боло калышты, / Чай сунуша барышты, / Кебин угуп алышты, / Кененимдин алдына, / Булар келе калышты, / Барганынан келгенин, / Бар кебин айта салышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Маңдай жакта көрпөчө, / Макмалдан түгү бөлөкчө, / Шибер ыраң көйгөлгөн, / Миң кубулжуп өзгөргөн, / Тилдүүлөрдүн жоргосу – / Ажыбек барып олтурду, / Ал аңгыча ашпоздор, / Алдыга тамак толтурду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бозорук таң атканда, / Боз торгой сайрап жатканда, / Хандын баары калдаңдап, / Камчысын сүйрөп далдаңдап, / Таңдагы нашта даамын, / Ашпоздору тез камдап, / Айкөл баштап бардык хан, / Кыргыл баштап кырк арстан, / Жапырт жүрүп бастырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чай тамагын алдырып, / Дасторконун жайдырып, / Ашпоздору жүгүрүп, / Тамагын койду жайынча. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Ашпоздору белен деп, / Ага да сунду табагын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →