ашкана

китептерде 10 жолу, 5 китепте
  1. Боз үйдүн оң жак капшытындагы чыгдан менен тосулуп, ичине тамак аш, идиш-аяк коюлуучу жай, эпчи жак.
  2. Боз үйдүн ошол жаккы тарабына тартылуучу чий, чыгдан.
  3. Тамак бышыруучу бөлмө, кухня.
  4. Көпчүлүк үчүн тамак-аш даярдап сатуучу жай.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алтындан кылган жан казан, / Ашкананын оозуна, / Күмүштөн кылган туулгага, / Дүмүнөн салып көмөргөн, / Салган шырдак четине, / Күмүштөн чеге чөгөргөн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ашканадан бир казан, / Алып келип асканы, / Кеп кылалбай ашпоздор, / Түрпөтүн көрүп жазганды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Дөбөдө үч үй туруучу, / Үйүнүн бирөө ашкана, / Мейман кирет бирөөнө, / Өзү жатат бирөөнө, / Бейчеки адам кире албайт, / Уруксатсыз үйлөргө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Абышка, кемпир шыбырын, / Айчүрөк туйуп алыптыр: / — Жүр, байбиче экөөбүз, / Талаага чыгып кирели, / Деп Айчүрөк кемпирди, / Талааны көздөй салыптыр, / Ашкана үйгө баратып, / Гүлнарды көрө калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Эрке жеңем Чачыкей, / Ашканага киргизип, / Ашканачы кылбасын”. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →