ашкан
- Абдан, жеткен, барып турган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чыгып келди кайкыга, / Ашкан из жок алдында, / Чубап изи кетиптир, / Шымал жакка кайрыла.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Элеп койбойт кененим, / Эчтемеден кайгы жок, / Элинде турган немедей, / Кудай артык жараткан, / Кененимди ченебей, / Арстан тууган каракөк, / Айласы журттан ашкан көп, / Талананын найзасын, / Балта менен какканы, / Балта тийген бул найза, / Асманды карай учканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…рзүсүн, / Күчү менен чабаарда, / Эр Сыргактын денесин, / Жерге нандай жабаарда, / Томолонуп атынан, / Тар кезеңге тыгаарда, / (Табылат айла эчен түр, / Чегинен ашкан кыйарга), / Жанагы кийин келгени, / Кош колдоп күрзү шилтеди, / Телкызылдын тизгинин, / Тең кармап Сыргак силккени, / Көнүкү болгон тулпары, / Бута атым артка …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Он экиге чыга элек, / Он бир жарым жашыңда, / Үркөнчтөн чалгын чалганың, / Толтойду жерге жаздадың, / Чынкожону атканың, / Кайра айттың деп абама, / Көкчөнүн уулу Үмүтөй, / Башын кесип таштадың, / Жашың кырктан ашканда, / Он эки жыл азапты, / Опсуз катуу тартканың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
– Аялым дүйнөдө жок ашкан сулуу, – дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →