аша2
- Өтө, абдан, ашкере.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Таластагы урушта, / Кененимдин аскери, / Тааныгандын бири экен, / Кененим аны тааныбайт, / Тааныды бизди деп шашып, / Аша-шаша калдаңдап, / Аттарынан куланып, / Жыгылып-кууп тамтаңдап, / Таазим кылып бүгүлүп, / Катындарча жүгүнүп, / Кендиргелеп бүгүлүп, / Келиндерче жүгүнүп, / Кеп айта…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Токтунун этин ашадым, / Токсонго чыга жашадым, / Серкенин этин ашадым, / А, балам, сексенден аша жашадым, / Темир сандык ичине, / Салып койуп бакса да, / Ажал чиркин кес келсе, / Тоңкойуп өлүп жатамын, / Акыры салат чеңгелин, / А, балам, ажалдан кантип качамын?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Шоркөлдөн сулуу кыз чыкты, / Бүткүл элге даңдалып, / Жашым кырктан аша элек, / Сулууну алсам экен, деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Ашаганда машаган, / Төкөр уста Бөлөкбай, / Жайы кышы дебестен, / Жатып алып жасаган, / Сыртына алтын жөгөргөн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
— Айда, тамак ашасенчи,— деди.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →