ачылуу
- Ачык бойдон калган, ачылган абалда калган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Арстан баатыр Алмамбет, / Аты менен келүүгө, / Ачылуу турган эшиктен, / Атту салам берүүгө, / Түз бастырып өттү эле, / Карап койбой черүүгө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Экөө калды ачылуу, / Сегизин койуп жашырып, / Он эки жыл күйгүн, деп, / Белги берди шашылып, / Кайран эне Каныкей, / Эки чачын түйүлтүп, / Орой кармап алыптыр, / Мойнуна учун салыптыр, / Эркек туусаң туум, деп, / Ургаачы болсо укканда, / Муунуп өлөр жибим, деп, / Анык белги бериптир.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Ачылуу жаткан колунун, / Билегинен кармады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →