ачык1
- Жабык эмес, жабылбаган, бекитилбеген.
- Айланасы тосулбаган, ээн, бош.
- Тартынбаган шар, уялчаак эмес, оюн жашырбай шар айткан.
- Жаан-чачыны жок, бүркөк эмес.
- Даана, айкын, каргылданбаган (үнгө карата), күңүрт эмес (өңгө, түскө карата).
- Жашыруун эмес, элдин, көпчүлүктүн алдында, көрүнөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Маңгыт калдык кеп баштап: / «Уйалба Курчун деп баштап, / Кыргыз деген эл экен, / Аба ачык, суу тунук, / Тоо бойлоп жүрүп ар кайда, / Тили тактын бири экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бейжин менен башканын, / Айрымы ачык ар кимге, / Эки чоро ээрчитти, / Семетейге келгенде.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Асман ачык, күн бүркөк, / Туман түшүп алыптыр, / Жаркырап жарык күн тийбей, / Тунарыктап калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Керменбайга жолугуп, / Айтып турат ал бала: / — Эр Сейитек баатырдын, / Ырысы өтө чоң экен, / Тосолгосу жок экен, / Ачык жолу шар экен, / Алган зайбы бар экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Төбөсү ачык көк урсун!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →