ачы

китептерде 77 жолу, 10 китепте
  1. Ачыткынын жардамы менен ачкыл болуу, көбүрүү (бозо, жарма, кымызга карата); көбүү (камырга ж.б. карата).
  2. Боор ооруу, күйүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кан токтобой кансырап, / Шайманы кетип алсырап, / Көз ачырбай Чакмакташ, / Жана тийди теминип, / Муштап өттү санына, / Найза менен керилип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
кечили, / Айлымдан кетпейт деги” – деп, / Кечил келсе мал берип, / Аш-тамагын жай берип, / Таасындап Жакып чай берип, / Арак тартып кымыздан, / Көөкөргө куйуп ачытып, / Жанына байлап дагы берип, / Жакып айткан кеп экен: / “Күнөстүн жери тар экен, / Айагы кууш шар экен, / Кечилдер, көрүп турасың, / Адамдын көркү мал экен, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алар менен иши жок, / Абаң Семей баатырдын, / Айткан кеби бул болуп: / — Суптардын суусу куйулса, / Ачылар беле кулагым, / Көзүмө андан сыйпаса, / Көрөр беле көздөрүм. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Мезгили жетсе да жакын арада көк чыкпай, күн сурданып, кезек-кезек кара бороон буркурап, элдин көзүн ачырбай жутатып туруп алды. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Кемпири макул болуп, хандын акыпы боюнча бал жана уу ачытат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →