ачуулан
- Ачуусун келтирүү, кыжырлануу, каардануу.
- Урушуп коюу, тилдөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ачууланып Бекбача, / Өзүңдү өзүң көтөрүп, / Мактанбагын сен анча, / Бойуң тоодой болсо да, / Мен турганда сен канча?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кененимди көргөндө, / Туулгасын башка көмөрдү, / Чоң найзасын өңөрдү, / Ачууланып көгөрдү, / Анткен менен калмагың, / Бул дүйнөдөн жөнөлдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ачууланып айкырып, / Ураанын айтып бакырып, / Бирин бири силккенде, / Жолум үйдөй топурак, / Обого чыгат чачылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
— / Деп, ошентип Канчоро, / Ачууланып айкырып, / Ызырынып, шашылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Пристав далилдешип, чындыкка келүүнүн ордуна, түгүн сыртына жыйнап, ачууланып тактайды муштагылап:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →