ачкыч

китептерде 12 жолу, 4 китепте
  1. Кулпуну жаап ачыш үчүн колдонулуучу тетик.
  2. Гайканы же башка тетикти бурап бекитүү же чыгаруу үчүн колдонулуучу темир аспап.
  3. өт. Белгилүү бир нерсени түшүнүүгө, сырын ачууга жардам берүүчү жол, ык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Мас болгонду жаткырып, / Колунан алып ачкычты, / Кишендерди ачтырып, / Тизмекте аттан минишип, / Жүрүп кетти бастырып, / Топуракты чачтырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ “Жетилбай чынын айтты” — деп, / Кармап муну албасам, / Жыгылаары ырас кеп, / Эр Сейити жаш арстан, / Телкүрөң менен чуу койду, / Кирпик ирмеп ачкыча, / Тууга жетип тосуптур, / Жагалмай жандап жетпеген, / Жетилбай куйун бөлүнгөн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Аллам ачсын жолуңду, / Жабдып жолго салайын, — / Деп ошентип Каныкей, / Казынанын ачкычын, / Алып чыгып үйүнөн, / Асталай басып Каныкей, / Казынага барышы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Бербесе уурдайын", – деп ойлонот да, абышкадан бала ачкычты сурайт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
– Ээ, балам, ал ачкычты сурап эмне кыласың? Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →