ач2

китептерде 1201 жолу, 10 китепте ач 1 →
  1. Жабык нерсени ачык абалга келтирүү.
  2. Оролгон, бүктөлгөн, катталган нерсени жазуу, жайып коюу.
  3. Башта белгисиз, эч ким билбеген нерсени табуу, белгилүү кылуу.
  4. Кандайдыр бир мекемени, ишкананы ж.б. түзүү, жаратуу.
  5. Баштоо, ачык деп жарыялоо.
  6. Жайдары абалга келүү, кайгы-капасыз болуу, көңүл жазуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кытайдан чыгып таарынып, / Аралаган алашты, / Чендеп келген Манасты, / Бейжинге Манас кул салды, / Ошол Алмамбет баатыр жол ачты, / Арбагы колдоп Манастын, / Эмгиче кыргыз келатты, / Канчоро чыгып каргаша, / Азыраак анда азгашты, / Хан Семетей, Сейтек, / Эр Кененим, Сейитим, / Кыргыз үчү… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Угуп туруп Дабытай, / Бул эмине шумдук, деп, / Бетин ачса кагаздын, / Берекелүү бек айбат, / Аты чыкты Кененим, / Андан кийин караса, / Мени менен көрүш, деп / Каты чыкты Кененим: / “Саламат менен Ачакан, / Кат берипс… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Узаттыңбы Жакыпты, / Көөнүн ачып кош кылбай? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кам орбодум буудайын, / Сындырбадым куурайың, / Ак куржунуң ачпадым, / Ак теңге пулуң чачпадым, / Жакшы-жаман экен деп, / Артыңдан сени айтпадым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ал таноосун дердендетип оозун ачып, ары-бери ооналактап жатканда, кайдан келгени белгисиз кара бүркүт шукшурулуп кирди да, балыкты зооканын үстүнө көтөрүп барып жей баштады. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →