атыр1
- Спирт кошуп жасалган жыпар жыттуу суюктук, парфюмердик зат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…шым дейт, / Аксакалдуу карынын, / Айтаары ушул болбойбу, / Күбүр-шыбыр кеп менен, / Жүрүп кетти кыргыздар, / Коргонго түнөп ал түнү, / Ары-бери толгонуп, / Таң атырды көз жумбай, / Таңга жакын болгондо, / Кеп сурады Акмаңдай: / — Тегеренип Таласты, / Коргонду душман камаса, / Жатаар элең козголбой, / Таң агарды бүгүн түн, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Элине тилеп амандык, / Дабытай айтты ар кандай, / Ачакан менен Кесилет, / Башкача акыл айталбай, / Таң атырды кеп менен, / Чырым уйку алалбай, / Кыргыздардын Саламат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Сейиттен көргөн кордугум, / Ойлонгондо мен шордуу, / Тапан хандын зордугун, / Уктабай таңды атырып, / Кулпуга күндү батырып, / Тапан хан алса кантем дейм, / Шорумдун менин катырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Уктабай таңды атырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Арам өлгөн кутургур, / Атырайган түгөнгүр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →