атык
- Аталып кетүү, атка конуу.
- Аты чыгуу, даңкка ээ болуу, белгилүү болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ополдун түбүн жердеген, / Олуйа чал дээчү элек, / Арпанын башы жайыктан, / Чоң атаң,балам,Семетей, / Ак шумкар Алган уйадан, / Алдында алдым бир бүркүт, / Ак ийин деп атыккан, / Шер Гүлчоро, эр Сейтек, / Эрмекке салып жатышкан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…птырып, / Жөөттү ага тапшырып, / Он бештеги баланы, / Багдат менен жөөттүн, / Төбөсүнөн баш кылып, / Алтымыш жыл журт сурап, / Адыл болду ал бала, / Бала бааша атыгып, / Ирандын тарткан чыгымын, / Жөөттөргө тарттырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Эрке катын атыгып, / Эрди билген сен элең, / Ар качандан бир качан, / Сага качан тең элем?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →