атчан
- Ат минген, ат үстүндө келаткан.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…лы, / Жетип келди күжүлдөп, / Жеткен жерде Йобалы, / Козубекти тумактай, / Томолотту атынан, / Ак ала сакал кары деп, / Өлтүрөт экен аны деп, / Топчу кулак кер атчан, / Ыргып минди Бактыбай, / Тууга ээлик болгун деп, / Алабекке карматты, / Кол башкарып тургун деп, / Малабекке айтканы: / — Койон жүрөк коркоктор, / Корс кыйал…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
Айдаган колу алты сан, / Айгайлап баатыр үн салган, / Алды-аркасы боло албай, / Тизилип ондон бараткан, / Алты күнү жүргөндө, / Алдынан чыкты бир атчан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Анда жакшы болбодуң, / Калбалашсаң катышып, / Калыбектен сойлодуң, / Карала атчан Калыбек, / Калыбекке беттешип, / Тирүү калыш канимет.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…гон Манасын, / Белгилеп болдум бул элдин, / Колунан жумуш келерин, / Айлаңар жетип, ал келсе, / Тез болуп калса силерге, / Чубак, Сыргак дегенин, / Жана Сарала атчан бирөө бар, / Элдин турат четинде, / Байкашымча караанын, / Арзан киши дебеймин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кырк бир атчан киши эле, / Байа анык санаса, / Калганынын дайыны жок, / Жалгыз аттын изи бар, / Из кубалап караса.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →