аттиң
- Өкүнгөндө, катуу кайгырганда айтылчу сөз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Толбоду, аттиң кабым деп, / Кайра тартып Алмамбет, / Карткүрөңдү караса, / Турган экен элейип, / Кош кулагы серейип; / Алакеңди бир карап, / Айгырдан бетер аркырап, / Куйругун салып сыртына, / Жылкыга кирди аралап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Арман кылды Жалгыз көз, / Жаза чапкан экемин, / «Аттиң» деп бушманда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Аттиң кедейлик!
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Аттиң ай, азыраак коркогу болбосо, атасынын эле өзүн тарткан экен!..
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →