атта
- Кадамды кере шилтөө, кере шилтеп басуу.
- Бир нерсенин үстүнөн (мис. арыктан) арыштап өтүү, арыштап секирүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эртең менен атаңды, / Аттап тондоп жөнөтөм, / Шаарыңа жакын шаарым бар, / Шаардын аты саза бар, / Кулдугуңа өткөрөм, / Мингизип алып мойнума, / Атаңды аттай көтөрөм, / Айткандын кылам баарысын, / Бүгүн эртең дебестен, / Нур бетиңди көрсөтсөң, / Айтканыңа көнбөймүн, / Кызыгыңды көрбөсөм.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…, / Кыргыз эли өтө кең, / Утуру келген кыргыздын, / Эшигин коркпой ача бер, / Жайлуу жерге кез келсең, / Чалкаңдан түшүп жата бер, / Бизден укса кабарды, / Кош аттап киши чаптырып, / Алдырып кетер Чигитей.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Оңдонуп турган Кежиге, / Капталга найза домдоду, / Чыйрак сынган ырчынын, / Мунун да иши болбоду, / Баргандын баарын кулатып, / Баардыгын аттап сулатып, / Бирин-бири кырк баатыр, / Алып жатат куткарып, / Мен дагы чоро бири, деп, / Атасынын көрү, деп, / Баатыр Сыргак чуратты, / Беттешкен пенде оңобу?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Мен бир бутумду аттаган боюнча жооп күтүп тура калдым.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Тулпар күчүнө келип, ар тоонун башын бир аттап басып отуруп жетти.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →