аташкан

китептерде 26 жолу, 7 китепте
  1. Антташкан, шерттешкен.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Канчоро ичтен бузулду, / Ошондо далай кысылды, / Жедигердин элинде, / Жетисуунун жеринде, / Сейтек андан туулду, / Кыйазды жакын жолотпой, / Аташканы Айчүрөк, / Албарсты болуп кубулду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Душманыңды кем кылдың, / Бала кезден бер жакка, / Тууганыңа дем кылдың, / Аташканың Каныкей, / Агызып жашын сел кылдың: / Ордуңду басар уулуң жаш, / Орунсуз бизге чыккан кас, / Үшкүртүп бүгүн тел кылдың! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Аташкан жардан айырылып, / Армандуу болдум мен бейбак, / Алажат мени, — деп ыйлап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Такта олтурган Сейитек, / Оң жанында зор Бакай, / Сол жанында Гүлүстөн, / Бакайдын ары жагында, / Аташканы айкөл шер, / Атанган энең Каныкей, / Гүлчоронун жанында, / Айдай жеңең Айчүрөк, / Кат жазуучу үстөлдө, / Жалгыз өзү Керменбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Аты да бар бир тоодой, / Аташканын куткарбай, / Анча-мынча кишинин, / Ат-тону менен жуткудай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →