атанган
- Атагы чыккан, атыккан, элге белгилүү болгон.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жан бүткөндөн жан алган, / Өз-жат дебей жалмаган, / Жалаңгыч сарык атанган, / Кененим бекер калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…н, / Боорун жарып өт алган, / Кара дебей, баш дебей, / Өзүм дебей, жат дебей, / Кан агызып баш алган, / Карабаган кишиге, / Ошол үчүн Кененим, / Жалаңгыч сарык атанган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Капсалаңдын суусундай, / Канды төккөн журтунда, / Баатырларга, баашага, / Баш ийбеген бир күн да, / Качырганы илбирстей, / Кайсаганы жолборстой, / Кадимтен эр атанган, / Касташканы соо болбой.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Такта олтурган Сейитек, / Оң жанында зор Бакай, / Сол жанында Гүлүстөн, / Бакайдын ары жагында, / Аташканы айкөл шер, / Атанган энең Каныкей, / Гүлчоронун жанында, / Айдай жеңең Айчүрөк, / Кат жазуучу үстөлдө, / Жалгыз өзү Керменбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Олуйа деп атанган, / Чоң Ополдо чал урсун!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →