атаман
- тар. Революцияга чейинки Россияда: казак-орус аскерлеринде жана кыштактарында дайындалуучу же шайлануучу начальник.
- Башчы, жетекчи.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…өгүлүп, / Катуу ыйладың болкулдап, / Калтырбай бердиң барыңды, / Мен албаймын малыңды, / Ээлебеймин тагыңды, / Ээрчитип алып барайын, / Көрө кеткин, Ырыскан, / Атаман калган шаарымды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Түп атаман бер жакка, / Үйдө жатып башкардык, / Урматын көрдүк бул элдин, / Өзүм алдын тосойун, / Каптап келген бул селдин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Эси жок эки тууганы, / Элге кабар турмайлык, / Эми бизге калды деп, / Бок дүйнөнү талашат, / Букар менен Үргөнчкө, / Буларга кабар айтпагын, / Кадырлуу куда – сыйлуу сөөк, / Кастарлап келе албады, / Мунун жайын байкагын, / Картайып калды Карахан, / Оорубайт көөнүм атаман / (Ининин көзүн караган).
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Опекун, атамандар баштап качууга камынып жатат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ошолор менен бирге опекун, атаман судьялар атылып кетти...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →