аталаш
- Атасы бир, энеси башка (бир туугандык жакындык боюнча).
- Бир атадан тараган же аталарынын ага-инилик туугандыгы бар (жалпы туугандык жакындык боюнча).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Аталаш жакын тууганы, / Алп Бозойдун агасы, / Буржуй деген бар эле, / Үч жүз үйлүү бай эле, / Тогуз уйдун төртөөнө, / Буржуйдун уйу келиптир, / Калгандарга такыр жок, / Олжону кыргыз бөлүптүр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кылымда түгөп бушмандар, / Айланып сага турганы, / Алыскы журтта адамдар, / Алынат экен өзүңө, / Аталаш өскөн туугандар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Арууке айаш, Көрпөйан, / Каңгайга барып каңгырап, / Ажырап келдим маминтип, / Алмамбет менен Чубактан, / Аталашым Сыргактан!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Атаң менен аталаш, / Сенин Сыргак агаң ал.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Жаратканда жалгыз баш, / Айланар жок жатындаш, / Эч болбосо аталаш, / Эсине алар адам жок, / Ар тараптан ичиме, / Ар күнү түшөт кызыл чок!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →