атала2

китептерде 8 жолу, 2 китепте атала 1 →атала 3 →
  1. диал. Аталгы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Отту ченеп жаксаңар, / Эки кайнап борк этсе, / Боз ала болгон кездерде, / Дым чыгарбай жапсаңар, / Атала болот эзилип, / Анан мени баксаңар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Аталабы андайда, / Назаранын Карилоп, / Панус хан менен биригип, / Акең Манас бир келип, / Панус ханды сойгондо, / Мадыкөлдү жеңгенде, / Кашкардагы Калдайдын, / Кармап… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Тоңкойуп барып жыгылды, / Жер тайанып Талана, / Бута атым жерге шаркырап, / Оозунан кетти атала. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Арасын ача бергени, / Аталабы, жокпу, деп, / Адамдын бары тиктеди, / Алчаңдата бастырып, / Арстан жөнөп баратып, / Айманбоз оозун бош койуп, / Кыйшайа түшүп оңдонуп, / Карап калды эр Манас, / Окчо кармап бир койуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Силерге белги айтаарым, / Алмабаш менен атамын, / Аталамбы, жазамбы, / Мылтык үнүн байкагын, / Аламан атпай баарыңар, / Тизмеги менен атыңар, / Кимиң атып кулжа алсаң, / Башын өөдө каратып, / Мууздабастан таштаңар, / Д… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →