атактуу

китептерде 81 жолу, 9 китепте
  1. Атагы чыккан, даңктуу, элге кеңири белгилүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ушул бүгүн Бекбача, / Алтымыш бирде мүчөлү, / Агам Асыл өлгөнү, / Отуз алты жыл болду, / Бир күн тыным албады, / Атактуу Манас айкөл шер, / Мен барган жерге барбады, / Тирүүлүктө Бекбача, / Калганы жок арманы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Олуйа султан пир үчүн, / Андан кала бергенде, / Ак калпак кыргыз эл үчүн, / Атактуу Талас жер үчүн, / Карап туруп Субатай, / Кетирем сени не үчүн?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Мен барбадым каңгайга, / Чиктейиң келди Алтайга, / Аттай басып келиптир, / Атактуу жер Илеге, / Неге барат Чиктейиң, / Үйүндө жаткан тынч элге? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Атактуу мылтык Аккелте, / Как башына атсам, бейим / Сары дөөнү өлтүрүп, / Зардаптуу жүрөк бассам, бейим?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
…болсун короңдоп, / Улук болсун урматтуу, / Сулуу болсун сымбаттуу, / Асыл болсун кымбаттуу, / Сындуу болсун сымбаттуу, / Учкул болсун канаттуу, / Тулпар болсун атактуу, / Жазда өнгөн жалбырак, / Күз болгондо кубартты, / Кыймыл эткен баарыны, / Кара жер соруп жылмайтты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →