атакеле

китептерде 5 жолу, 3 китепте
  1. Атага сый-урмат менен мамиле кылуу, эркелеп кайра-кайра «атаке» деп айтуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Куурдагын берип бышырып, / Жетелеп келип козусун, / Конокко бата кылдырды, / Атакелеп кычырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ А кудайлап Гүлчоро, / Атакелеп бакырып, / Оозуна кирген арбакты, / Атынан айтып чакырып, / Катар барат тогуз ат, / Туйактан чыккан тозоңун, / Жөө тумандай сапыртып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жайкалган Талас бош калды, / Атакелеп ыйларга, / Аркаңда Семең жаш калды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
…гөндө, / Армандуу болуп мен көрбөй, / Жашчылыктын айынан, / Алыска кетип жоголуп, / Араң келдим оңолуп», / Агартып салган сарайын, / Азаптуу чунак көргөндө, / “Атакелеп” өкүрүп, / Арманын айтып өкүнүп, / Оң бөйрөгүн тайанып, / Ойронум атам деп түштү, / Оодарылып бүк түштү, / Сол бөйрөгүн тайанып, / Султаным атам деп түштү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Билбесе да Сомбилек, / Билип жүргөн кишидей, / Тай чабымча калганда, / Карап турган киши жок, / Каран дүйнө жалганда, / Аттан түшүп акырын, / Атакелеп бакырып, / Айкөл төрө Манастын, / Атынан айтпай чакырып, / Жетим өскөн чунактын, / Сыйрылып ичи ачынып, / Алдында өткөн нечендер, / Ат-атынан айтылып: / — Алма… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →