атаке
- Атасына жалбаруу же атасын урматтоо иретинде айтылат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жоготпой койбойм, атаке, / Жолугушкан кишини, / Байкап көрчү көз салып, / Таласта кыргыз ичиңди!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Көкчөнү көрүп жүргөнсүң, / Көп сырларын билгенсиң, / Атакемдин бул уулу, / Көөлдөгөн эр эле, / Көңдөй челек эме эле, / Абыдан, Алмам, ойлоп көр, / Айткандарым калп беле?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айчүрөк ойлоп нечен кеп: / “Атакемдин найзасы, / Семетейде эле, — деп, / Күмбөзүнө бул найза, / Кандай келип калган?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Ойума түштү атакем, / Барбасаңар мейлиңер, / Өзүм барып келемин!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
– Атаке, түшкө сатып жибердим, – деди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →