атак
- Даңк.
- Наам, ат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Атагың кыргыз, ак калпак, / Каныкей берген касиет, / Арзан эмес ат калмак, / Ай-ааламга таанылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Атагың каңгай эл туруп, / Кикимат менен Шалкымат, / Калдагай кулак сен туруп, / Атымды угуп уктабай, / Таң аткынча кан жутуп, / Баш калкалап үйүңө, / Силер баспай койгондо, / Өлүп алды уу жутуп, / Ачуунун уусун жутканда, / Мага тийди оолугуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ошол кезде Манаска, / Алмамбеттин айтканы: / — Ай, ай Манас, эр Манас, / Атагың тоодой шер Манас, / Өз билгендей чабуучу, / Бул жер эмес кең Талас!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Семетейди өлтүрүп, / Айчурөктү күн, кылып, / Канчоро менен Чачыкей, / Хан, ханышай болууга, / Атак, даңкын дүң кылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Туура жүрүп, кадыр-баркы артып, атак-даңкы чыгып, токойдогу бүткүл жан-жаныбар, канаттууларга угулат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →