атайы
- Белгилүү бир максат менен, белгилүү бир иш боюнча.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көрүлүп калды бар сыры, / Баш көтөрсө Жедигер, / Башын булгап көөн буруп, / Тирилип көнгөн эл экен, / Шоорукту сойуп нетели, / Үч бөлүнүп жүрбөйлү, / Атайы келдик Таласка, / Бир беттеше кетели, / Келбей чама баратса, / Биз кептеше кетели.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…м заматта, / Аккуланы аргытып, / Артынан чаңын баргытып, / Айкөлдүн келе жатканын, / Көзкаман менен Көкчөкөз, / Дүрбү салып көрүптүр, / Айланы издеп табууга, / Атайы көңүл бөлүптүр, / Кемпири, келин дегени, / Катын эмес эр экен, / Катынча кийип кийимди, / Катын болгон кеп экен!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Атайы беш миң кол жыйып, / Ар сабында миң кылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Күрүлдөгөн жаргылчак дабышынан укпай калдыбы, жок атайы ошенттиби, айтор Жанымжандан жооп болгон жок.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ошону менен хан балага атайы жаңы үй тиктирип, аны ошондо кийрип койду.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →