атаганат
- Өкүнгөндүктү, кейигендикти, кээде кубанууну билдирүүдө колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ду төтөлөп, / Ал бирок зилдеп жарасы, / Таласка барып айыкпай, / Жайдары Манас өзү өлөт, / Агеркеч көмсүн сөөгүңдү, / Алымбайдан жүктөтүп, / Узатайын өзүңдү, / Атаганат тирүүңдө, / Айта албадым сөзүмдү, / Бажырайган бак ээси, / Көрө албай калдым көзүңдү, / Албай мен да өлөөрмүн, / Коңурбайдан өчүңдү!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Атаганат, бир иш бар - / Төлгөгө чапкан Тайтору, / Алдыга чыга барбаса, / Ыраазы болбойт калгандар!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
— Атаганат, тамак болсо бат эле тыңып кеткени турасыңар.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Жолдо баратып, Бурмакенин өлө элегинде «атаганат, эч болбосо Көлгө жетип өлсөк арманыбыз болбос эле» дегени оюма түштү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Атаганат!"-деп далай жерге келип калганын да өзү билбей калыптыр.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →