атаандаш
- Жарышуу, теңтайлашуу, таймаш, калышпоого аракет кылган абал.
- Эрегишкендик, кастык маанайдагы теңтайлашуу, таймашуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…, / Чаар чыгарып көзүнөн, / Ачууланып сурданып, / Сур жибек бедер чалган боо, / Бүктөмө саптуу ак тинте, / (Акун хан арнап жасаткан, / Биринен көрүп усталар, / Атаандашып жасашкан, / Бай эле Көкөй атасы, / Ага-ини жок эле, / Жалгыз кызым Көкөй, деп, / Алтымыш тай, алты нар, / Алты жүз ирик, алты атка, / Алып берген кеп эле.) / К…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Биринен-бири өткөрүп, / Атаандашып жасатып, / Алтын, күмүш, жез менен, / Ээр-токумун каптатып, / Достошуп кымкап кийдирип, / Алдына жорго миндирип, / Улуу-кичүү сыйлашып, / Урмат-ызаат билдирип:…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →