ата-эне
- Ата менен эне; үй-бүлө башчылары.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Миң баланы алып барып, / Ата-энесин ыйлатып, / Калба таап бербегин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Капкасы бийик кара тоо, / Уйадан учкан балапан, / Канатым талып жыгылдым, / Ыгын билбей конордун, / Караган менен көз жетпей, / Ырыскым кайда болордун, / Ата-энеден айрылган, / Канатым сынып кайрылган, / Безип жүргөн бир жанмын, / Кесирим кара какырды, / Кезип жүргөн бир жанмын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тиги турган желмогуз, / Ойду-тоону жойлоду, / Элдин малын койбоду, / Малдан бетер титинбей, / Ата-энесин сойгону, / Жыландай арбап соргону, / Тийишпесе ким билет, / Мундай канчык көп жүрөт, / Качып сага келген бейм, / Жалган айтып маана издеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Ата-энеси бар үчүн, / Ак тоонун башын сыдырды, / Баласынын камы үчүн, / Айланды бүткүл кылымды, / Дары болор чөптү таап, / Балапанын учурду, / Бутум сынып кар болуп, / Кууп басарга зар болуп, / Жаткалы өттү канча ай, / Болбоду менин көөнүм жай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Барсам деле ата-энем адамзат жыттанып калыпсың деп, үйгө киргизбейт бу жерге турсак атам сени да, мени да өлтүрүп коёт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →