асыранды
- Багып алынган бала.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Укмуштуу катын Айчүрөк, / Асырап алган жез илек, / Асыранды кыз берип, / Сени алдап күйөө деп, / Ишенбесең, Саламат, / Тирүү койбойт Кененим, / Кылып көрчү бөөдө кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Үрбү алат бир күнү, / Элиңе кошуп малыңды, / Асыранды билбейсиң, / Жок экенин арыңды, / Ээ болбойсуң мал-пулга, / Эми эбиң табылды!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Кийин бай асыранды баласынын короонун ичиндеги көлчүккө күн сайын эки маал жүгүрүп барып жүргөнүн байкап, бул бала эмне үчүн минтип жүргөнүн билмекчи болот.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Бай буга аябай ачууланып, асыранды баласына;
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →