асылуу1
- Асылып, илинип турган, асылуу боюнча.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Атам тордо чатылуу, / Бийикте турса асылуу, / Колун артып мойнуңа, / Ким жатат сенин койнуңа?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сейитиге сыйкыры, / Өтпөгөндө шум канчык, / Телкүрөңдү кастады, / Арканча кастык кылса да, / Атка алы келбеди, / Сыйкыр өтпөйт Сейитке, / Асылуу жондо жаркылдап, / Алмамбеттин белеги.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Тура калып Айсалкын, / Асылуу турган чаначты, / Оозун чечип жиберип, / Четин кайра имерип, / Сырткы катын он эки, / Сыр айактан он үчкө, / Кымызды куйуп буларга, / Тизип алып чарага, / Басы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Алты кабат темир тон, / Демейде муну кийинген, / Үч жүз кез найза колунда, / Жети кабат калканы, / Мүрүсүнө илинген, / Алты кабат туулга, / Алмадай башка кийилген, / Үйдөй болгон чойунбаш, / Оң далыга асылуу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Шашкан бойдон коломтодо жалбырттаган оттор жанган бойдон, асылуу казандар асылган бойдон жайнап кала берди.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →