асылдан

китептерде 31 жолу, 7 китепте
  1. Сапаты жакшыруу, асыл, мыкты болуу (мис. тукуму).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Деп Көкбөрү күркүрөп, / Таласты карай чубагын, / Аттангын, деп дүркүрөп, / Көкбөрү жарлык кылганда, / Асылдан коркуп жазганып, / Таласка аскер барганга, / Таласка барсак өлдүк, деп, / Барбасак кордук көрдүк, деп, / Ажал жетпей өлдүк, деп, / Кара аскер жүрөт күбүрөп, / Мине албай атка кээ бири, / Тушалып буту бүжүрөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ордо баккан кырк жигит, / Опсуз баары тың жигит, / Бойу жагын карабайт, / Акыл-эстүү кыл жигит, / Алдынан тосо барышты, / Олтуручу жерине, / Асылдан килем салышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…лы жок, / Короосу куру болбосун, / Байатан айткан кептерим, / Эсиңерде бар болсун, / Куршугу чыкпай ичинде, / Комутта киши болбосун, / Алтын-күмүш зар болсо, / Асылдан буйум бар болсо, / Бай Жакып, Балта, Жамгырчы, / Текечи, Шыгай, Кыпчакбай, / Багылбай жатат малыңар, / Жыйнап койсоң чөп жебейт, / Алтооңор бөлүп алыңар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Онубуздан жан албай, / Минген атты олжо албай, / Көп кошуунга карабай, / Кашкайган келин катындан, / Кыздан чыккан асылдан, / Бирде бирин таштабай, / Каары катуу Куткарбас, / Бастырып кетти жайма-жай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Торгун, жибек, далымбу, / Аркагы жибек кырмызы, / Асылдан тандап сен алгын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →