асый

китептерде 53 жолу, 7 китепте
  1. Кыргыздардагы кара малдын (жылкы, уй, төө) жашын эсептөөнүн атайын ыгы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Асыйым он беш болгондо, / Бекбачага туш болдум, / Күрүч берди жемиме, / Күмүш какты бутума, / Адам уулу көрбөгөн, / Минип барды Көйкапка, / Кастык кылып кара жүз, / Карып болдум бул чакта. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эки асыйда бир тууду, / Кулуну кара туулду, / Кара тай сулуу мал болду, / Тулпарлык сыны бар болду, / Ар кайдан сурап эл келип, / Кулагым ызы-чуу болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Күмүшбулак, түз керүү, / Биздин малга барыңар, / Туу бээден ылгап жетимиш, / Асый төөдөн жетини, / Инек уйдан кыркты, / Койдон тандап миң ирик, / Айдап жолго салыңар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Эртең менен эртерээк, / Күн чыкпастан эртелеп, / Жалгызек менен Байтайлак, / Гүлчоро менен Канчоро, / Белдүү эрлер бул төртөө, / Алып келсе Буурулду, / Он беш асый болгуча, / Мени күйгөн Тайбуурул, / Актабай антын койбойт го! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Ойлонуп баатыр ошол чак, / Турганы жок кылчактап, / Кара кашка минген ат, / Алты асыйда бар экен, / Алтайга минсе арыбас, / Толуп турган чагы экен, / Жашырбай чынын айтканда, / Канкор көчтө миничү, / Аргымакча бар экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →