астыңкы

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Алды жактагы, асты жакка орношкон, астында турган.
  2. Төмөн жактагы, башкалардан ылдый турган.
  3. Мыкты, алдыңкы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Колу-бутун карасаң, / Чынардай бар тарбайып, / Үстүңкү ээрди калбайып, / Астыңкы ээрди шалбайып, / Өтөктө жатып жуушаган, / Кара атандай дардайып, / Эки эмчеги бултулдап, / Эки эне эмген танадай, / Эки бети томтогой, / Баспаган бечел баладай, / Ортого чыккан ошону, / Тик багып элдер карабай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Астынкы ээрди шакылдап, / Кулактары шалкылдап, / Эркегинде айалча, / Көнөктөй эмчек балкылдап, / Мас болгон буура сыйагы, / Тамандары тапылдап, / Кудай бетин салбасын,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Маңдайына барганда, / Батакай турган балбанга, / Эки үзөңгү теңейте, / Тамандап тура калганда, / Астынкы эрдин бет тиштеп, / Бар күчү менен салганда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →