астыртан

китептерде 29 жолу, 8 китепте
  1. Асты жагынан, асты жагы менен.
  2. Эч кимге көргөзбөй, жашыруун, жең ичинен, тымызын, алдыртан.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кылычтын мизи жетерде, / Тизе кесип кетерде, / Маашы чыккан эр Асыл, / Карап турбайт бекерге, / Астыртан өөдө какты эле, / Алакандын бүлтөккө, / Талкаланып шак-шагы, / Колу сынып кеткени, / Өз ойунда Каракөз, / Чын ажалы жетти эми. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Астыртан өөдө караса, / Төбөдөн ылдый шарылдап, / Борошо жамгыр куйулат, / Кыйалы кетет кырк бөлөк, / Кылымга келчү бар нерсе, / Бири калбай туйулат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Бөлүнүп жөнөй бергенде, / Астыртан утур тийгиле, / Аралап өтүп тубастан, / Арткы колго киргиле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кыймыл этпей былк этпей, / Арстан баатыр Манаска, / Кайран Чубак ошондо, / Астыртан айтты шыбырын: / — Аткарбай кармай көргүн, — деп, / Алмамбеттин чылбырын,- / Арстан Манас кабылан, / Эр Алмамбет баатырды, / Кармай алды чылбырдан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Арамдык менен астыртан, / Айла, амал, чара издеп, / Кайда болсо жамандык, / Калтырбастан кана издеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →