астала
- Акырындоо, шашпоо; жайбаракаттык менен иш кылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Орунбай уккан кабарды, / Элөөсүз жумшап адамды, / Көрүп келген көз менен, / Беш урук эли чогулуп, / Болуп жаткан абалды, / Камдап койуп миң балбан, / Орунбай өзү асталап, / Кененимге барганы, / Уккандарын калтырбай, / Бардлык кебин салганы, / Угуп болуп Кененим: / — Ордонун беги Орунбай, / Орунсуз го бул кебиң?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Чоочун киши экен, деп, / Эшикти ачып калыптыр, / Асталай басып Алтыке, / Үйгө башын салыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Алты күн өткөн кездерде, / Канчоро менен Чачыкени, / Алып келер мезгилде, / Ордо башы Сетертай, / Асталай басып жетти эле, / Азыркысын коргондо, / Иш башкарган Керменбай, / Айтып турат Сетертай: / — Эр Гүлүстөн, хан Сейтек, / Күмбөздөн мында келерде, / Жумшадыңыз с…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Аллам ачсын жолуңду, / Жабдып жолго салайын, — / Деп ошентип Каныкей, / Казынанын ачкычын, / Алып чыгып үйүнөн, / Асталай басып Каныкей, / Казынага барышы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
— деди, / Бирден муштап жан алып, / Суу жеген жер кемерге, / Баарысын тыгып жеберди, / Жарасы жаман экенин, / Ошондо ойлоп билгени, / Аргымак кармап токунду, / Асталап жүрүп олтурду, / Түк кишиге көрүнбөй, / Үйүнө түндө барыптыр, / Алда каткан Тынымкан, / Каңгара какшап кан жутуп, / Жарааттын баарын таңыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →