аскалуу
- Аскалары көп, аска ээлеп турган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Башы туйук жери кең, / Аккан агын суусу бар, / Таштан ташка урунуп, / Күпүлдөгөн доошу бар, / Айагы кууш аскалуу, / Коо болуптур Бекбача.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бели кындай, ат найдай, / Белдүү чочко Коңурбай, / Алгарага камчы уруп, / Кара жанын каршы уруп, / Кангайлап ураан чакырып, / Катуу кирди качырып; / Жакыптын уулу кара көк, / Элеп койбойт шашылып, / Аккүбө тонун жамынып, / Ак жолборстой чамынып, / Арстан келет калт этпей, / Аскалуу тоодой залыйып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ага Чүрөк болбосо, / Толкуган көлгө чөгөйүн, / Суу көтөрүп кеткенде, / Кеп тонун сыйрып жөнөйүн, / Ага Чүрөк болбосо, / Аскалуу тоого барайын, / Аттай чуркап калайын, / Коркуп кетип жыгылса, / Кеп тонун чечип алайын”.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Аскалуу бийик Алатоо, / Ортосунда коосу жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Жылганын күнгөй бетинде, / Аскалуу таштын тегинде, / Өзөндүү суунун жээгинде, / Бир топ бугу кочурап, / Жайылып турат бир жерде, / Карды ачып кайышкан, / Чамасы жок тайгандар, / Бугуну басып жээрге.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →