асили

китептерде 18 жолу, 6 китепте
  1. Негизинен, тегинде, дегинкисинде, деги.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ы суудай жайар, — деп, / Чыгышты карай түз жүрсөм, / Ат изине салар, — деп, / Абийирим ачып айрандай, / Амалсыз кылып салат, — деп, / Кудайым бир, диним бир, / Асилинде түрүм бир, / Таңгуттун элин табам, — деп, / Баштан өткөн жумуштун, / Баарын айтып барам, — деп, / Таңгуттун эли тил алса, / Котен, Черчен, Лопнурду, / Түп көтө… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Атым Кошой болгону, / Асили мындай болбоду, / Ашты талап бүт жеди, / Же ачыккан каңгай тойбоду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Өлбөй тирүү калган пил, / Асили айбан эмеспи, / Куткарбастын кошуунун, / Аралап кирди талкалап, / Пил аралап киргенде, / Чыдап карап туралбай, / Кол бузулду чар тарап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Курсакта калган куу тумшук, / Күндөн күнгө чоңойуп, / Батпай барат бооруна, / Айлакер Чүрөк жеңебиз, / Буларды алды ойуна: / “Күмөн кор Кыйаз арамза, / Асили жакшы кылбайт, — деп, / Карыларды талаага, / Какшатып таштап Таласка, / Элебей туруп балага, / Кас кылдырсам Кыйазга, / Мен каламын уйатка! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Айткан сөзгө көнбөсөң / Асилим Кыйаз сени урсун! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →