асан-үсөн
- Кыргызда эгиз эркек балдардын аты. Түбү – Мухаммед пайгамбардын жээндери Хасан жана Хусаин деген аттардан өзгөргөн.
- Асманда жаандан кийин пайда болгон түрдүү түстөгү жаа. Муну кыргыздар: күндүн желеси деп, же жез кемпирдин көгөөнү деп да атай берет.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Өңүнүн кандай экени, / Өлчөөр көзгө токтобойт, / Көзү чолпон от кайнайт, / Эки ийнинин үстүндө, / Асан-үсөн нур жайнайт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →