асан1
- Оңой, жеңил.
- Сулуу, көркөм кооз.
- Энчилүү ат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Асан менен Үсөйүн, / Азыреталы уулу экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кудайым сени колдосун, / Атаң башта кол берген, / Кожо асан болсун жолдошуң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Уктап жаткан шаарга, / Түн ичинде кирбегин, / Атаңа болор жаманат, / Жетимиш пирге кол берген, / Жети ирет Кызыр жол берген, / Атакең Манас колдосун, / Кожо Асан болсун жолдошуң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Асан менен Үсөн баягы тооктун этин бышырып жатып башы менен канатын жеп коет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Асан эки агасынын ичкен-жегенин бүт төлөп, куткарып кудукка барат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →