аса
- Думаналар алып жүрүүчү таяк.
- Боору жик-жик болуп өскөн катуу жыгач жана ошол жыгачтан жасалган катуу таяк.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Семетей кармап бербесең, / Баарыңды дарга асамын, / Койбоймун тирүү бириңди, / Ушундай болот жазайың!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Деп өкүнүп бир далай, / Жол аруусун билгени, / Жолуна Алмаң киргени, / Кайта келип Алмамбет, / Жараганы керекке, / Алдындагы Сарала, / Аса байлап терекке, / Башына мамык жастанып, / Жатып калды жай алып, / Муну мындай таштайлы, / Коңурбайдын сыйкырлуу, / Кароолунан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Дагы эки күн алышты, / Аттарын аса байлашып, / Кемерден аткый кармашып, / Аркасына сүрүшүп, / Этектен бурдай түрүшүп, / Чымдуу жерди коо кылып, / Дөкдүр жерди ой кылып, / Көйкөлгөн шибер тулаңды, / Кашкайган чыйыр жол кылып, / Булкуп-силкип ыргытып, / Ыргыттырбай тырмышып, / Эки күн өттү бул жумуш.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Анда жаткандарды атып, аса баштады.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Атты сарайга аса байлап кой, – деп тапшырды.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →