ас
- Бир нерсени салаңдаган абалда илип коюу; байлап таштоо.
- Дарга асуу, дарга тартуу жолу менен өлтүрүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Атадан калган керээзди, / Асли унутуп калбайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…лкылдап, / Кийгени соот күрөөкө, / Күн чагылып жалтылдап, / Токтоно албай кара жер, / Каарданып сурданып, / Карагай найза колго алып: / — Адамсынган бурутту, / Астын-үстүн салайын, / Амалын такыр түгөтүп, / Айдап келе калайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жалгызектен муну угуп: / — Музой түпкө жетти, — деп, / Кекерледи бизди, — деп, / Калчалар турду удургуп, / Жакшы-жаман кеп укпай, / Астына кирип басалы, / Атбашы карай чубуруп!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Онан баскалар казан асбаяк, соган күнү калып отурган жок гой.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Баланы кандуу сууга соёлу, эгер биз кандуу сууга киши сойбосок бизди астырып өлтүрөт, – деп баланы акчага сатып алып барып сууга соердо, бала:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →