арышта
- Кадам шилтөө, арышты салып басуу, арымдоо.
- Кандайдыр бир иштин, кыймыл-аракеттин темпин күчөтүү, илгери карай жүрүү, өрүш алуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…качырап, / Айнектей көзү чачырап, / Бүдөмүк тартып күдүңдөп, / Буулуккандай күжүлдөп, / Үндөрү күндөй күркүрөп, / Адамсыз талаа дүркүрөп, / Адырдакы айбанат, / Арыштап айак таштабай, / Тушагандай бүжүрөп, / Кызарып кыздан күн батып, / Агарып сүрүп таң атып, / Токсон күн калды аркада, / Айы үчкө барганда, / Жай-жайыңа кайткын,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ч мына ошо, / Армансыз болсоң калмак деп, / Карап турду Кененим, / Кылычын кындан тартканда, / Жылтылдады калмактын; / Алдында минген тулпары, / Жорголой басып арыштап, / Кылтылдады калмактын; / Күлкүсү чыгып кылыңдап, / Шылкылдады калмактын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Азиз хандын Алмамбет, / Эңиш тартып кеткени, / Караанын көрүп алыстан, / Элесин болжоп арыштап, / Ээленип алган эр Сыргак, / Атын санга салыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бадалдан чыккан эликтей, / Барган сайын арыштап, / Көздү ирмеп ачканча, / Беш ат артта калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Аккула менен далбайып, / Арыштап чуркап калчу эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →