арымдап
- Бара-бара, уламдан-улам.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Качып барат дардактап, / Чылбыр бойу чубалып, / Орто буту салбактап, / Арбаң-тарбаң жүгүрүп, / Алтымыш кулач жерлерди, / Бир арымдап түйүлүп, / Кетип барат тарбаңдап, / Аманат жандан түңүлүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жаңылбасам кынгырап, / Кыз-баланын үнү деп, / Чакырды Алмаң бер кел, деп, / Бура салып арымдап, / Келин келди жакындап, / Ашкере нуру көрүндү, / Алакеңе жаркылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Көз байланган бүрүлдө, / Жылдыз чыга күүгүмдө, / Карап турса эр Сыргак, / Хан сарайдын эшикке, / Алмамбет жетти арымдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Аркардай көзүн кызартып, / Адыр-адыр жер келсе, / Арымдап арыш узартып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →