арылгыс
- Бошоно алгыс, кутула алгыс.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эртең кандай болот деп, / Ойлоп жатып таң атты, / Кыргыз калмак – эки урук, / Маңдай-тескей сап болду, / Катар он бир эр өлүп, / Каң караган калмакка, / Арылгыс жаман дарт болду, / Эрдемсип калган Жолболду, / Элден мурун чуу койду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…да, / Салар огу бул болсун, / Залкар Манас жолборсуң, / Санаалаш Бакай жолдошум, / Ишимдин билдим оңдугун, / Айтканы-айткан болоорун, / Жат душмандын башына, / Арылгыс кайгы муң болсун, / Эртең айдын он беши, / Дүйнө бүткөн дүйшөмбү, / Иш баштоочу күн болсун!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бир көргөндө айралат, / Амалың канча барыңды, / Алданганда Тапан хан, / Сейит менен касташып, / Арылгыс доого чалынды, / Айтканды кабыл алыптыр, / Акылдан азган Тапан хан, / Алайып тиктеп калыптыр: / — Желдеттер төртөөң кел, — деди, / Ооруктагы бектерге, / Менден…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ “Карагай жаргак боосу бар, / Карындашың Чүрөктүн, / Арылгыс жаман доосу бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Муну мындай таштайлы, / Калдуубеттин арылгыс, / Кастыгынан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →