арыла

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Белгилүү жерден оолактоо, алыстоо, ары карата жылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Серпишер эрлер бар экен, / Ырчы уул менен Боз уулга, / Хан Бакай берип тапшырма: / — Алып барып түшүр, — деп, / Алмамбеттин айлына, - / Айкөл Манас артынан, / Арылай кетти бастыра, / Калкылдаган кол менен, / Келе жатса Ырчы уул, / Шооруктун кызы Накылай, / Турган экен ташкайып, / Күзгүдөй бети тастайып: / — Келгин, уулдар, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…, / Чокмор менен абаңды, / Чокудан нары салганда, / Майдандын ичи чок болду, / Жалынсыз күйгөн от болду, / Күндүн көзүн чаң алды, / Күн көрүнбөй тунарды, / Чаң арыла бергинче, / Чакчайып бетпак турганы, / Чаңдан чыгып Семетей, / Атырылтып удаанды, / Элөөсүз турган чочкону, / Далыдан нары бир сайды, / Үзөңгүдөн бут тайды, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →