арыкта
- Өңдөн азуу, эттен түшүү, арык болуп калуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кисепчеден жаңдата, / Күрөөкөсүн көтөрө, / Кара санга сайганы, / Найзанын учу жетиптир, / Узундугу төш жары / Этин тилип кетиптир, / Кара сандан кан агып, / Арыкта суудай шар агып, / Жандап өттү Чакмакташ, / Жана санга бир сайып, / Тоодой болгон Сазандан, / Эки сандан кан агып, / Ачуусу келди Сазандын, / Сайдырганга ардан…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Айталбай, балдар, жүргөмүн, / Арыктап кеттим санааркап, / Абайлап, балдар, билбедиң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Тең кырылат эмеспи, / Алыска барса бизге окшош, / Азык-түлүк дагы жок, / Арыктап өлөт кыргыздар, / Аппак кардай майы жок, / Артып ала жүргүндөй, / Биздикиндей даны жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ал аңгыча Макил дөө, / Келип калды өйүзгө, / Тереңдиги дайранын, / Бир миң кулач жерде бар, / Макил дөөнүн айбатын, / Кулагың болсо угуп ал: / Бийиктиги миң кулач, / Шаңкерек экен мингени, / Алда канча дайраны, / Арыкта суудай билбеди, / Көлчүк кечкен букадай, / Көлбүгүп сууга киргени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Тапан хандан бир киши, / Сейитимге жеткени, / Тапан хандан Сейитке, / Айтып келген кептери: / — Калкылдатып туу кармап, / Канча күнү кармаштык, / Сейитиге баргандын, / Баарысы кылды жармаштык, / Селдей каптап эл кеттик, / Арыкта суудай кан кечтик, / Балбандан өлдү канчасы, / Биз талапка жетпедик.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →