арык1
- Суу агызуу, эгинди же башка өсүмдүктөрдү сугаруу үчүн казылган алыш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Арыктан сууң чыкпадык, / Сен кептенип коржоңдоп, / Жетибизде жакын деп, / Аттанып үйдөн чыкпадык.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Саз чылпылдап суу чыгып, / Какырдар арык коо чыгып, / Эки күнү -эки түн, / Эрикпестен күрөштү, / Эгем өзү билбесе, / Эми кандай болушту.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Же аты арык, тон жыртык, / Аркасында калганбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Сур атты, / Алактатып баратат, / Жал-куйругун төгүлтүп, / Шалактатып баратат, / Ооздук тиштеп, көз жайнап, / Жалактанып баратат, / Топуракты чачыртып, / Жерди арыктай каздырды, / Тарактатып баратат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Шадыкан чепейген арыкчырай гана сары киши.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →