арыздан
- Арыз-арманды айтып даттануу, арыз берүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ырыскан кебин салгынча, / Арызданып Шоорук муң айткан: / — Кычырыпсың, Ырыскан, / Алдыңа келдим Шоорук хан, / Кычырганың чын болсо.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Азабым айтам арызданып, / Жаныңа мени ала жат!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Үпүп ар күнү арызданып келген канаттуулардын арыз-датын угуп, аларга калыс туруп, эч кимисине жаман айтпай, көңүлдөрүн калтырбайт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →